Биз менен байланышыңыз

Министр мигранттардын каттоо маселесин саясатташтырбоого чакырды

Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 560 | 0

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусия менен Кыргызстандын алакасы жана мигранттардын каттоосуна байланыштуу «Кабар» улуттук агенттигине маек курду. Анда ал Кыргызстан менен Орусиянын алакасы салкындап кетти деген жүйөөнү четке кагып, Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк өз нугунда деп белгиледи.

Ошондой эле мигранттардын каттоосуна байланыштуу маселе боюнча да комментарий берип, 3-сентябрга чейин чыгып кеткиле деген чакырык бул такыр мыйзамсыз жүргөн жарандарыбызга тийиштүү деп билдирди.

«Миграциялык каттоосунун мөөнөтү буга чейин өтүп кетсе, узартканга иш-келишими жок болсо, анда Россиянын мыйзамдарына жараша чыгып кайра кириш керек. Мыйзамды сыйлашыбыз жана так аткарышыбыз керек. Орус тарап болсо эскертүү катары билдирип жатат. Ошол эле учурда миграциялык каттооңуз бар болгон учурда, эмгек келишимин түзүп, каттоону узартып алганга мүмкүнчүлүк бар, Россиядан чыгууга кажет жок.

Азыркы учурдагы жарандарыбыздын абалын так билебиз, түшүнөбүз. Жашаган жеринин ээси миграциялык каттоого тургузбай жатат. Иш берүүчүсү болсо миграциялык каттоосун узартканга негиз болуучу иш-келишим түзгөндөн баш тартууда.

Демек, биз орус тарапка кайрылуубуздун мазмуну — жарандарыбыз Россияда мыйзамдуу жүрүшүнө шарт бериле турган мыйзам чыгарып, жарандарыбызга жашай турган жана иштеп жаткан даректерин өз алдынча билдирүүгө укук берүүсүн суранып жатабыз», -деп кошумчалаган министр.

Ошондой эле, сүйлөшүүлөрдү ЕЭАБдин алкагында жана эки-тараптуу жолугушууларда активдүү жүргүзүп жатканын белгилеп, маселе чечилишине ишеничи бар экендигин айтып, муну саясатташтырбоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM