Биз менен байланышыңыз

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги кытайлык компания менен кызматташат

Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 405 | 0

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясы менен кытайлык СНМС улуттук компаниясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу холдингдин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясынын башчысы Тенгиз Бөлтүрүк кытайлык СНМС оор машина куруу улуттук компаниясынын жетекчилиги менен 24-августта жолугушкан. Анда аталган кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Билдирүүдө «Тараптар тоо-кен казуу, гидроэнергетика жана логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү макулдашты», — деп айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM