Ысык-Көлдө бир жумадан бери изделип жаткан кытайлык студенттин сөөгү Каракол капчыгайында суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 22 жаштагы Сай Тун Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган.
25-август саат 15:59да Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Каракол капчыгайында суунун ичинде адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, кытайлык студенттин сөөгү суудан чыгарылган.
Саат 18:16да райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.