Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан кезек пайда болду

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 231 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаа тыгыны пайда болгондугун Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн жарандардын топтолушу катталган жок, бирок «Чоң-Капка-Автожол» өткөрмө бекетинде унаалардын тыгыны байкалууда.

Жарандар мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча маалыматты Чек ара көзөмөлү башкы башкармалыгынын төмөнкү номерлери аркылуу тактай алышат: 0312 88 16 18, 0312 54 38 36.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM