Биз менен байланышыңыз

Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында 9 документке кол коюлду (тизме)

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 543 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 25-26-августта өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Жыйындын катышучулары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

– «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук;

– «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма;

– «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору тууралуу» маселе боюнча тапшырма;

– «Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырмалар;

– «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө» буйрук;

– «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө» буйрук;

– «Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук;

– «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» Жарлык;

– «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук.

Copyright © 2017 Maral FM