Биз менен байланышыңыз

«Фейктер» тууралуу мыйзамдын негизинде 24.kgни жабуу аракети болгону айтылууда

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 480 | 0

Кыргызстанда 24.kg маалыматтык агенттигинин сайтын жабууга аракет кылынып жатканы айтылууда. Мындай аракеттер болуп жатканын 24.kg басылмасы өзү дагы жарыялады.

Маалыматка караганда, бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Санариптик өнүктүрүү министрлигине жолдонгон катында белгилүү болгон.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы хостинг жана интернет-провайдерлерге, ошондой эле байланыш операторлоруна кат жолдогон. Анда Маданият министрлигинин чечими менен 24.kg сайты же баракчасы эки айлык мөөнөткө жабылышы керектиги айтылган.

Жөнөтүлгөн катта экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде каралып жатканы белгиленген.

Катта бөгөт коюуга кайсы макала себеп болгону көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле маалымат каражаттарынын үстүнөн ким арыз жазганы айтылган эмес.

24.kg сайты комментарий алуу үчүн байланышканда Маданият министрлиги бөгөт коюу чечими кайра алынганын билдирген. Бирок айрым провайдерлер аталган маалымат агенттигинин сайтына чектөөлөрдү койгонго жетишкен.

Президент Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга 2021-жылдын 23-августунда кол койгон.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен 2020-жылы парламент тарабынан үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук катуу каршылыгын билдиргенден кийин президент толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.»Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экс-депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова сунуштаган эле. Анын максаты социалдык тармактарда фейк маалыматтардан жарандарды коргоо деп түшүндүрүлгөн. Бирок ошол кезде медиа-эксперттер бул мыйзам сөз эркиндигин ооздуктоого курал болушу мүмкүн деп эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM