Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда 15 мугалимге жер тилкеси берилди

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 269 | 0

Бүгүн, 26-августта билим берүү кызматкерлеринин Ош облустук август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчысы Зиядин Жамалдинов тарабынан Ош облусундагы билим берүү тармагынын 15 кызматкерине турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар берилген.

Мындан сырткары, «Алтын Тамга», «Алтын сертифкат» жана республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө, алар окуган орто мектептерге жана билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон мугалимдерге акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, Ош облусундагы мыкты «Мектеп» жана «Бала бакчалар» аныкталып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тарабынан 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышкан.

  • — мыкты мектеп- Кара-Суу району «Маданият» орто мектеби;
  • — мыкты инновациялык мектеп- Кара-Кулжа району «Бегиев» орто мектеби;
  • — мыкты шаардык мектеп- Ноокат району «Жыргалай» бала бакчасы;
  • — мыкты инновациялык бала бакча- Кара-Кулжа району «Мээрим» балдар бакчасы;
  • — мыкты шаардык бала бакча- Өзгөн шаары «Аймээрим» бала бакчасы;
  • — мыкты типтүү бала бакча- Ноокат району «Келечек» балдар бакчасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM