Биз менен байланышыңыз

Чүйдө балык уулоого кеткен жарандын сөөгү табылды

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 646 | 0

Аламүдүн районунда балык уулоого чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтып келбеген жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-август күнү «112» кызматына 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө 24-августтан тарта ӨКМдин Аламүдүн райондук жана Бишкек шаардык куткаруучулары тартылып, издөө ишин жүргүзүп келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM