Биз менен байланышыңыз

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны аяктады

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 269 | 0

Чолпон-Атада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Анда Акылбек Жапаров көтөрүлгөн бардык маселелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кол коюлган келишимдер интеграциянын бардык катышуучуларына жемиштүү жыйынтык алып келет деп ишенем», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды.

Тараптар төмөнкү маалыматтарды угушту:

– Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору үстүндө иш алып баруу жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө.

Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту. Мындан тышкары, евразиялык интеграциянын алкагында өз ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүрдү.

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда интеграциялык биримдиктин алкагында бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM