Connect with us

Кыргыз-казак тоо ашуулары пилоттук негизде кайрадан ачылат

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 380 | 0

Казакстандын Кордай айылында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жана Казакстан Парламентинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өттү. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда экономикалык ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө, анын ичинин туризм тармагында алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, «Озерный» жана «Сары-Булак» ашуулары аркылуу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү уюштуруу багытында мындан ары биргелешип иш алып баруу жөнүндө макулдашылды.

Бул маселе Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында да талкууланып, эки өлкөнүн башчылары биргелешкен билдирүү жасаган. Билдирүүнүн 13-пунктунда туризм тармагында кызматташтыкты арттыруу максатында “Озерный» жана «Сары-Булак» ашуулары аркылуу уюштурулган туристтик каттамдар боюнча туристтердин пилоттук режимде өтүүсүн уюштуруу боюнча сунушту кароо маселеси белгиленген. Ошондон кийин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча иш план бекитилип, тийиштүү жумуштар башталган.

«Озерный»-«Сары-Булак» ашуулары 2009-жылга чейин туристтер, анын ичинен активдүү эс алууну сүйүүчүлөр жана спортчулар үчүн кеңири колдонулуп келген. Эгер күтүлгөндөй жыйынтык берип, экономикалык жактан кирешелүү болсо туристтер үчүн туруктуу каттам толук ачылышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM