Бишкек шаарында 25-август түндө 5 жашар бала селейме оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бейтап 2017-жылы туулган А.А. 23-августта Токмок жалпы дарыгердик практика борборунан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына которулган.
Ага клиникалык-эпидемиологиялык селейме оорусунун өтө оор түрү деген диагноз коюлган. Диссеминацияланган тамыр ичиндеги коагуляция, гиперкоагуляция, мээнин шишиги, курч өпкө-жүрөк жетишсиздиги этабында болгон.
Бейтап төрөт үйүндө бир гана жолу эмдөөдөн өткөн, андан кийин план боюнча эмделген эмес. Ата-энеси Улуттук эмдөө календарына ылайык эмдөө алуудан баш тартышкан.
Апасынын айтымында, 10 күн мурун сол буту менен мык басып алып, мык 0,5 см кирип кеткен, андан кийин бала аксап, бутунда оору байкалган.
Мындан кийин баланын дене табы 38,5ке чейин көтөрүлүп, жутунууда кыйынчылыктар пайда болгон, ошентип Токмок шаарындагы ооруканага кайрылышып, жандандыруу бөлүмүнө алынган. Станционардык дарыланууда невропатолог, реанимациянын бөлүм башчысынан, инфекционист дарыгерлерден консультация алышкан.
Бишкектеги ооруканага өтө оор абалда түшүп, көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан 25-августта саат 00:35те бала каза болуп калган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, селеймеге ар бир адам чалдыгып калышы мүмкүн, бирок көбүнчө 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарда көп кездешет. Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайлар аталган ооруга 100% кабылышы мүмкүн. Селейме оорусун селейме анатоксин камтылган вакцина менен эмдөө жолу аркылуу алдын алса болот. Селейме оорусуна каршы эмдөө алдын алуучу эмдөө календарына ылайык, бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт. Оорунун козгогучтары топуракта болуп, адамдын организмине тери жана былжыр чел кабыктары аркылуу (терең жараат, кесилген, күйүк, үшүк, ачык сынык ж. б.) кирет. Жараатка түшкөндөн кийин селейме таякчасы токсин чыгара баштайт. Бул борбордук нерв системасына таасир этүүчү эң коркунучтуу уулардын бири.