Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн биринчи шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды,
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталган.
Кечээ, 25-августта кылмышка шектүү кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.