Биз менен байланышыңыз

Испания парламенти өкмөттүн энергияны үнөмдөө боюнча планын колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 399 | 0

Испания парламенти кечээ, 25-августта өлкөдө электр энергияны үнөмдөө боюнча токтомду кабыл алды. Буга чейин өкмөттүн электр энергияны үнөмдөө боюнча жарыялаган жол картасы өлкө аймагында бир топ нааразычылыктарды жараткан болчу.

Испаниядагы электр энергияны үнөмдөө боюнча чектөөлөр 10-августтан тарта күчүнө кирди. Парламентте 187 депутат бул демилгени колдоп добуш берсе, 167 депутат каршы чыкты. Ошондой эле өкмөт калк арасындагы нааразычылыктарды эске алып, чектөөлөрдөгү айрым катаал чараларды жумшартты.

Жаңы чектөөлөргө ылайык, мамлекеттик жана муниципиалдык имараттар, вокзал, аэропорт, бар, ресторан, мейманкана, соода борборлору электр энергияны өкмөттүн көрсөтмөсүнө ылайык колдонуусу зарыл. Жай мезгилинде жогоруда аталган имараттарды 27 градус, мейманканаларды болсо 25 градустан ылдый салкындатууга тыюу салынат. Ошондой эле шаар ичиндеги архитектуралык айкелдерди түнкү жарыктандыруу да токтотулду. Бул эрежелерге баш ийбегендер 60 миң евродон, 100 млн еврого чейин айыпка жыгылат.

Испания өкмөт башчысынын орун басары Тереза Рибера бул чектөөлөр аркылуу өлкөдөгү энергия колдонууну 7%га чейин үнөмдөө пландалганын айтты. «2023-жылдын ноябрына чейинки кабыл алынган бул план, Украинадагы согуштан улам пайда болгон электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөкчү болот. Ошондой эле Испаниянын Евробиримдик алдындагы милдеттенмелерин аткарууга шарт түзүлөт», — деп кошумчалаган Тереза Рибера.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM