Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги троллейбустардын жазуулары толугу менен кыргыз тилине өткөрүлдү

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 1117 | 0

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы троллейбустардагы жазууларды кыргыз тилине алмаштырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин троллейбустардагы жазуулар орус тилинде болгон.

Маалыматка караганда, бул иштер борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат.

Учурда бардык шаардык троллейбустар иретке келтирилүүдө жана 1-сентябрына чейин төмөнкү иштер аткарылышы керек:

  • Троллейбустардын тышкы жана ички жабдууларынын толук жайгашуусу: люктардын, эшиктердин жарактуулугу, айнектин бүтүндүгү, транспорттогу санитардык-гигиеналык абалы;
  • Трафареттерди жаңылоо;
  • Троллейбустардын сырткы көрүнүшүн бирдей стилде жасоо;
  • Аялдамаларды эки тилде – мамлекеттик жана расмий тилде айтылуучу  үндү толук кандуу киргизүү.

Учурда троллейбустун ичин, сыртын сырдоо жана ичин тазалоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM