Биз менен байланышыңыз

Путин аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 529 | 0

Орусия президенти Владимир Путин өлкөдөгү Куралдуу күчтөрдөгү штаттардын санын 2 млн 39 миң 758ге жеткирүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Аталган жарлык 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн саны акыркы жолу 2017-жылы такталган болчу. Анда алардын саны 1 млн 902 миң 758 болуп, анын ичинен 1 млн 13 миң 628и аскер кызматкерлери болгон. Жаңы буйруктун негизинде аскер кызматкерлеринин саны дагы 137 миңге көбөйтүлөт. Бул 13,5% дегенди түшүндүрөт.

15-июлда Орусиядагы жазгы аскерге чакыруусу аяктаган. Анда коргоо министри Сергей Шойгу армияга жаңы чакырылгандар эч кандай согуштук зоналарга жиберилбей турганын убадалаган болчу.

Ал эми күзгү аскердик чакыруу Орусияда 1-октябрда башталып, 31-декабрга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM