Биз менен байланышыңыз

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген форматта өтүүдө

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 106 | 0

Бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кезектеги кеңири курамдагы жыйыны башталды.

Отурумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ошондой эле ардактуу мейман катары Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышууда.

Мындан тышкары, жыйынга Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович да катышып жатат.

Отурумга министрлер кабинетинин төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылууда.

Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери бар.

Белгилей кетсек, отурумдун алкагында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын биринчи форуму өтүп жатат, ага КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 200дөн ашык адам катышууда.

Эске салсак, күн мурун, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM