Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мишустин менен болгон жолугушууда миграция маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 503 | 0

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн кызматташуусу эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу, дээрлик бардык деңгээлдеги активдүү кызматташуу менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өнүгүүсү байкалууда. Биринчи жарым жылдыкта Орусия менен өз ара соода жүгүртүү 39 %га өсүп, 1 млрд 426,5 млн долларды түздү, ал эми биздин өлкөдөн Орусияга экспорт дээрлик эки эсе өскөн.

Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуудагы, анын ичинде аба, унаа жана темир жол транспорту аркылуу ташууларга карай бардык чектөөлөрдүн алынып салынышы жайкы сезондо орусиялык туристтердин олуттуу агымына салым кошконун айтты.

«Биринчи жолу Орусиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна (Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропорту) жумасына 14 түз каттам аткарылууда.  Тараптар Кыргызстандын аймагында тогуз билим берүү мекемесин куруу боюнча келишимдерди ишке ашырууну баштаганына кубанычтамын», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Орусияда эмгектенип жаткан мекендештерибиздин укуктук абалы тууралуу маселени көтөрдү.

Орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өз кезегинде учурдагы бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

«Биздин жалпы максат – соода-экономикалык чөйрөдө узак мөөнөттүү стратегиялык милдеттерди чечүү үчүн шарттарды түзүү, жагымдуу инвестициялык жана ишкер климатты камсыз кылуу. Бул маселелерди эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия чечет. 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташтыктын жаңы программасына кол коюуну тездетүү зарыл, ал кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, соода жүгүртүүнү, өз ара инвестициянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM