Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак өкмөт башчылары дизель майынын кымбатташын талкуулашты

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 679 | 0

Чолпон-Атада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн, анын ичинде ЕАЭБ алкагында кызматташуу маселелери талкууланган.

Анда Жапаров Казакстанда чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн дизель майынын кымбатташы боюнча маселени көтөргөн.

Аны менен бирге кыргыз-казак чек арасындагы кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын тыгыны, алардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү тууралуу сөз кылган.

Андан тышкары, эки өкмөт башчы «Ак-Тилек» жана «Карасу» көзөмөл өткөрмө жайында индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу долбоорун ишке ашыруу, айыл-чарба тармагында кызматташуу маселелерин талкуулаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM