Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

Кыска кабар | 26 Авг 2022 | 78 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.

Отурумга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орус Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Жыйынды ачып жатып министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кеңештин жайкы отурумун өткөрүү салтка айланган Ысык-Көл жээгиндеги Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын бардык мүчөлөрүнө жылуу салам жолдоду.

Ал жыйындын күн тартиби абдан мазмундуу экендигин белгилеп, жолугушуунун бардык катышуучуларына жемиштүү жана конструктивдүү иш каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM