Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчи жол кырсыгынан жабыркагандардан кабар алды

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 124 | 0

Бүгүн, 25-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Ульяновск облусунун губернатору менен биргеликте Ульяновскто болгон жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган жарандардын абалынан кабар алып, ооруканага барды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Дарыгерлер бейтаптардын абалы жакшырып баратканын билдиришип, алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешти.

Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине президенттин фондунан бөлүнгөн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырды.

Белгилей кетсек, каза болгондордун жакындарына убактылуу турак-жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилген.

Элчилик жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү маселесин көзөмөлдөй тургандыгын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM