Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтада дүкөндөн чыккан өрт жети саатта өчүрүлдү

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 118 | 0

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган.

Өрттүн кесепетинен дүкөндөгү бардык курулуш товарлары жана Mercedes үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM