Биз менен байланышыңыз

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты онлайн кантип алууга болот? Расмий жооп

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 602 | 0

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга боло тургандыгын «Түндүк» электрондук борборунан билдиришти. эми электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 7 күндүн ичинде соттолбогондугу тууралуу маалымкатты акысыз алууга болот

Маалымкатты алуу үчүн төмөнкү талаптарды аткаруу менен онлайн түрдө арыз жөнөтүү керек:

  • portal.tunduk.kg сайтына кирип, катталуу керек;
  • «Маалымкаттар, көчүрмөлөр» бөлүгүнөн «Адамды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, адамдын Кыргызстандын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатты (соттолбогондугу жөнүндө маалымкат) акысыз негизде (7 жумушчу күндүн ичинде) алууга арыз берүү» кызматын тандоо керек;
  • маалымкат ала турган жерди жана телефон номерди көрсөтүү зарыл;
  • «Өтүнмөнү тариздөө» баскычын басуу менен маалымкатты алууга арыздын электрондук формасы чыгат;
  • Андан соң «жөнөтүү» баскычын басуу керек.

Маалымкат даяр болгондо «Түндүк» электрондук борборунан арыз берүүчүнүн E-почтасына жана Telegram номерине шилтеме келет, аны жүктөп алып, басып чыгарууга болот.

Ошондой эле маалымкатты Мампорталдагы «Жеке кабинеттен» дагы жүктөп алсаңыз болот.

Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: portal.tunduk.kg

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM