Биз менен байланышыңыз

1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылат

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 185 | 0

1-сентябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара саат 10:00дө парламенттин жалпы жыйындар залында өтөт.

Эске салсак, 30-июнда депутаттар Жогорку Кеңеш регламентин кабыл алып, эки айлык эс алууга тарашкан болчу.

Депутаттардын көпчүлүгү жайкы эс алууда аймактарда болуп, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөндүктөрүн социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM