Биз менен байланышыңыз

УКМК Баткенде жихадчы жамаатынын үч мүчөсүн кармады (видео)

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 363 | 0

Бүгүн, 25-августта УКМКнын Баткен областык башкармалыгы  тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын жашаган жерлерине тинтүү жүргүзүүдө РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги — 49 даана, 5,45 мм. — 5 даана жана 9 мм. — 3 даана ок-дарылар, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM