Биз менен байланышыңыз

Зеленский Крым тууралуу: Согуш каерде башталса, ошол жерде бүтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 1681 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский «Крым платформасы» иш-чарасына катышып, анда Крым жарым аралынын тагдыры тууралуу сөз кылды.

«Согуш Крым менен башталган болчу, эми Крымда аяктайт. Мен терроризмди жеңишибизге, региондо жана Европада тынчтык орното алышыбызга 100% ишенем», — деген Владимир Зеленский.

Украин президентинин айтымында, Орусиянын деградациясы Крымды басып алуу менен башталган. Алар жергиликтүү крым-татарларына каршы террордук аракеттер жасап, аларга диний кысым көрсөткөн.

«Бүтүн дүйнөдө Орусиянын агрессиясынан арылуу зарыл. Бул Крымды бошотуу дегенди түшүндүрөт. Согуш каерде башталса, ошол жерде бүтөт. Крым азыр бизди күтүп жатат. Украина жана крым-татарларынын желеги кайрадан Қрымда, Симферополдо, Керчде, Жанкуйде, Ялтада желбирейт», — деп кошумчалаган.

Аталган иш-чарага Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган онлайн катышып, Крым Украинанын аймагы экенин жана ал ага кайтарылышы керектигин баса белгилеген.

Крым жарым аралы 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM