Биз менен байланышыңыз

Жаш өспүрүмдөргө карата зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 124 | 0

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева жана БУУнун аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жаңы социалдык технологияларды талкуулашты.

Жолугушуу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлердин, министрликтердин жана Бишкек, Ош шаарларынан, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келген кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Катышуучулар жеке жана кесиптик натыйжалуулукту жакшыртууга зарыл болгон креативдүү талкуу, эмпатикалык мамилени колдонуу ыкмалары менен таанышты.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар өлкөдө гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын жана иш-аракеттер планынын долбоорлору менен бирге кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM