Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүк күнүнө карата маданий иш-чаралардын программасы

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 256 | 0

Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Маалыматка караганда, башкы концерт 31-августта саат 19:30да Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтөт.

Күндүз «Ден соолук» сейил багында саат 16.00-19.00гө чейин балдар үчүн спорттун 5 түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Ошондой эле «Ден соолук» сейил багында 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Тепляшиндин 3 автобусту өз күчү менен сүйрөп, рекорд көрсөтүүсү пландалууда.

Биринчи май районунда:
26-августта саат 20:00дөн 23:00гө чейин Улуттук тарых музейинин алдында «Кыргыз модасына таазим. Байыртадан бүгүнкүгө чейи» иш-чарасы болот.
27-августта саат 12:00дө «Мурас-Ордо» жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда «Ыр-Кесе» ыр сынагын өткөрүү пландалууда.

Октябрь району:
31-августта саат 18:00-21:00го чейин «Ынтымак-2» сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.

Свердлов району:
30-август саат 10:00дө Кара жыгач сейил багында райондун жашоочулары үчүн концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт.
30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана МАБдын активисттери үчүн спорттук оюндар өткөрүлөт.
31-август күнү  саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда.
31-август саат 11:00дө «Эне-Сай» конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин району:
31-август саат 10:00дө «Ак-Өргө» конушунда, Жолон жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде майрамды утурлай балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда. Иш-чара албетте концерттик программа менен коштолот.
31-август саат 14:00 Ала-Арча конушунда, Сыдыгалы жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы шаардыктарга майрамдык иш-чара пландалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM