Биз менен байланышыңыз

Былтыр 201 миң ишкер салык декларациясын тапшырды

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 225 | 0

Ушул жылдын 1-августуна карата 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 531 миң 918 салык төлөөчү тапшырды, анын ичинен 352 миң 548 декларация электрондук түрдө. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Декларацияны 54 миң 302 уюм, 201 миң 325 жеке ишкер, 168 миң 853 жеке жак, 48 миң 591 салык салынуучу кирешелери жок жеке жак тапшырды.

Ошондой эле 58 миң 847 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы декларацияны берди.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартына чейин юридикалык жактар жана 1-апрелге чейин жеке жактар, жеке ишкерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM