Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Мясникович жаштар форумуна катышууда

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 149 | 0

Бүгүн, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтүүдө. Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Акылбек Жапаров иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экенин белгиледи.

«Бул форум Кыргызстандын демилгеси менен Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуунун алкагында өткөрүлүүдө. Жаштар форуму мындан ары да уланат деп ишенебиз. Бүгүнкү форум 500дөн ашуун катышуучуларды топтоду. Араңыздарда КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана интеграциянын туруктуу өсүшү үчүн көп күч-аракетин жумшап жаткан адамдар бар», — деди ал.

Жапаров жаштар форуму КМШ менен ЕАЭБдин, бизнес-коомчулуктун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда натыйжалуу механизми болуп калат деген оюн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM