Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ижарага берилген сегиз батир өрттөнүп кетти

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 2942 | 0

Бишкекте ижарага берилген сегиз батирден өрт чыгып, жалын эки үйдү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-августка караган түнү саат 03:36 чамасында Бишкектин Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген сегиз бөлмөлүү батирден өрт чыккан. Өрт жанаша турган мансард үйгө өтүп, турак жайдын экинчи кабатынын үч бөлмөсү, биринчи кабатынын эки бөлмөсүнүн шыбы күйгөн. Өрттүн жалыны ошол эле учурда жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү үч бөлмөлүү турак үйгө өтүп, үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:36дан тарта төрт бөлүм тартылып, саат 08:26да өрт толук өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM