Биз менен байланышыңыз

Чүйдө балык издөөгө чыккан жаран изделүүдө

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 97 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» суу сактагычына Маевка айылынын У.И. аттуу тургуну балык уулоого чыккан жаран изделүүдө.

Кечээ, 24-августта аны издөө иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы бөлүктөн 3 куткаруучу, буга кошумча саат 19:48де Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана ИИМден кызматкерлер тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында жоголгон адамдын кийими суу жээгинен табылган.

Бүгүн, 25-августта издөө иштери кайрадан улантылып, Ленин айылындагы жайгашкан райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасы боюнча алдыда кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM