Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталат

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 119 | 0

Бүгүн, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында башталат.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылат.

Иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы, ошондой эле чакырылган мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюмга мүчө болгон өлкөлөргө жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери каралат.

Мындан тышкары, форумдун алкагында бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулар уюштурулат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын биринчи форуму өтөт, ага 200дөн ашык адам катышары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM