Биз менен байланышыңыз

ТИМ Орусиянын чек арасында сабалган кыргызстандыктар боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 25 Авг 2022 | 85 | 0

Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасында болгон окуя боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, Орусиядагы элчиликтин кызматкерлери Саратов облусуна барып,  «Озинки» өткөрмө бекетинде кезекте турган унаалардын айдоочуларынын ортосунда кезек талашып чыр чыккандыгын аныкташкан.

«Алар Саратов облусунун Ершово конушунун аймагын өтүп, Москва шаарын көздөй келе жаткан 3 унааны чек арада жаңжал чыккан жергиликтүү таксиситер тосушкан. Үч унаанын ичинде 10 кыргызстандык болгон. Жол тоскондор айдоочу менен жүргүнчүнү сабап, ошондой эле унаанын айнектерин сындырып, дөңгөлөктөрүн тешип, материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Учурда Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин негизинде райондун укук коргоо органдары тарабынан кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Орусиянын Ички иштер министрлигинен Саратов облусунун Ершов району боюнча алынган маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандарынын арасында оор жаракат алгандар жок. Баарына медициналык жардам көрсөтүлгөн» , — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ Орусиянын Казакстан менен чек арасына бара жаткан кыргызстандыктар ур-токмокко алынып, унаалары талкаланганы боюнча маалымат тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM