Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө эки күн унаа кыймылына чектөө киргизилет

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 113 | 0

Ысык-Көл облусунун аймагындагы унаа жолдорго убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-26-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун жыйыны өтөт.

Бул иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жеке курамы толугу менен тартылып, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

Чолпон-Ата шаарына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишет.

Буга байланыштуу Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда жана Чолпон-Ата-Кырчын багытында делегациялар өтүүчү маалда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Жол боюнда кароосуз калган машиналар эвакуацияланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM