Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттерге берилген артыкчылыктардан ажыратуу мыйзамы коомдук талкууга коюлду

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 699 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерге берилген артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга коюлгандыгын билдирди.

Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталып, Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган.

Демилгечи депутат мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталгандыгын белгилеген.

Учурда иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, Кыргызстандын экс-президенти төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ:

  • өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынууга,
  • мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга,
  • аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана станцияларынын кызмат адамдары жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдаланууга,
  • экс-президент мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга таандык болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кезектен тышкаркы тартипте алууга,
  • экс-президент пенсия курагына жеткенге чейин президенттин айлык маянасынын 75 %ы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга,
  • пенсия курагына жеткенде Президенттин айлык акысынын 75 %ы өлчөмүндө пенсия алууга укуктуу.

Токторбаев аталган мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган:

  • жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек;
  • мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылат;
  • мамлекеттик жан сакчыларды өз эсебинен каржыланат;
  • экс-президентти, жубайын жана жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө алып салынат;
  • мамлекетке караштуу телефон, интернетти акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрдү өкмөттүк разрядда тейлөө беренеси жокко чыгарылат.

Белгиленгендей, сунушталган мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле Кыргызстан катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Ошондой эле мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкө бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Эске слсак, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 6 президент башкарса, алардын ичинен Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Copyright © 2017 Maral FM