Connect with us

ТИМ: Орус-казак чек арасында жарандар кезексиз өтүп жатышат

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 654 | 0

Орусия менен Казакстандын чек арасындагы «Озинки» өткөрүү пунктунда чек арадан өтүүгө келген Кыргызстандын жарандарынын саны көбөйгөндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу Тышкы иштер министлиги билдирүү таратты.

ТИМдин маалыматына ылайык, 23-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Орусиянын Саратов облусуна жөнөтүлгөн.

Элчиликтин кызматкерлери «Озинки» өткөрүү пунктунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек арада унаалардын топтолушу Москвадан багыт алган жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү эс алуу күндөрүндө адаттагыдай эле көрүнүш экендиги тууралуу маалымат алышкан.

Учурда «Озинки» өткөрүү пунктунда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын топтолушу жок. Бул пункт аркылуу унаалар эркин режимде өтүүдө.

Ошондой эле «Озинки» өткөрмө пунктунун өкүлдөрү «Маштаково» өткөрмө пунктундагы кесиптештеринен маалымат алып, алар да орус-казак мамлекеттик чек арасында жарандардын өтүү кезеги жоктугун билдиришкен.

Эске салсак, Кыргызстандын Орусияда эмгек миграциясында жүргөн жарандары Орусияда каттоого туруу үчүн массалык түрдө Казакстандын чек арасына кирип, кайрадан Москвага карай багыт алгандардын саны кескин өсүп, чек арада 8 саатка чейин күтүп жатышканын билдиришкен эле.

Copyright © 2017 Maral FM