Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан коон жана дарбыз экспортунан канча киреше тапканы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 623 | 0

Коңшу Өзбекстан 2022-жылдын январь-июль айларында жалпы көлөмү 98 миң тонна, баасы 26,6 млн AКШ долларына тең болгон коон-дарбызды экспортко чыгарган. Бул тууралуу Өзбекстандын статистика комитети маалымдаган.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, коон жана дарбыз экспорту өткөн жылдагы жарым жылдыкка салыштырмалуу 44,5 миң тоннага көп.

2022-жылдын 7 айында Өзбекстан эң көп төмөнкү өлкөлөргө коон жана дарбыз экспорттогон:

  • Казакстан– 47 миң тонна;
  • Орусия – 23,4 миң тонна;
  • Кыргызстан – 14,4 миң тонна;
  • Тажикстан– 9,3 миң тонна;
  • Беларусь – 1,9 миң тонна.

Ал эми коон жана дарбызды эң көп экспорт кылган аймактардын сап башында Тошкент облусу – 23,4 миң тонна; Фергана облусу – 12,8 миң тонна; Андижан облусу – 11,4 миң тонна.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM