Биз менен байланышыңыз

Санарип министри жемкор кызматкерлерине каршы күрөш башталганын жарыялады

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 765 | 0

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Жалалабадда «Инфокомдун» паспортторду мыйзамсыз сатууга шектелип кармалган кызматкери тууралуу кайрылуу жасады.

Министр өз кайрылуусунда, калкты тейлөө борборлорунда жарандарга паспорт жана башка документтерди берүү системасы өтө коррупциялашып, тамыр жайып кеткендигин, алардын кызматкерлери эч нерседен жана эч кимден коркпой калгандыгын мурдатан айтып келгендигин билдирген.

Ошондой эле ал акыркы айларда Санариптик өнүктүрүү министрлиги тиешелүү укук коргоо органдары менен бирдикте коррупционер кызматкерлерин тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын айткан.

«Бул иштердин жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине бир катар кылмыш иштери козголуп, тартиптик жаза чаралары колдонулду. Бул иш мындан ары да улантылат, анткени Министрликтин дарегине КТБнун кызматкерлери кызмат көрсөтүү үчүн кошумча акы талап кылып жаткандыгы тууралуу арыздар жана даттануулар түшүүдө. Жалал-Абад шаарындагы кечээки окуя эмнеден кабар берет? Калкка кызмат көрсөтүү системасында коррупциянын деңгээли дагы эле бар экендиги жана аны жокко чыгаруу, калкты тейлөө борборунда жемкорлукка бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтүү. Коррупциялык көрүнүштөрдү комплекстүү алдын алуунун алкагында Министрликте жана анын ведомстволук түзүмдөрүндө профилактикалык иштер жигердүү жүргүзүлүп, кызмат көрсөтүүдө адам факторун жокко чыгаруу максатында бардык мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча чаралар көрүлүп, ишке ашырылууда» , — деп кайрылган министр.

Мындан сырткары, кечээки окуянын жыйынтыгында, аталган иш боюнча комиссия түзүлүп, ведомстволук түзүмдөрдүн жана КТБнун жетекчилери менен жыйын уюштурулуп, анда иштин натыйжалуулугуна жетишүү үчүн бир нече чечимдер кабыл алынганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM