Connect with us

Абдылдаев Тажикстандын ички иштер министри менен жолугушту

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 238 | 0

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-тажик кызматташтыгынын негизги аспектилери, анын ичинде миграция жана укук коргоо жаатында пикир алышты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүндө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга, ар түрдүү коркунучтарды жана чакырыктарды өз убагында алдын алуу боюнча сүйлөшүштү.

Тажикстандын Ички иштер министри Ооганстандын түндүгүндө иш алып барган эл аралык террористтик уюмдардын коркунучу сакталып турганын белгилеп, бул багытта кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн биргелешкен күч-аракеттердин зарылдыгына токтолду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM