Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 25-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+14, күндүз +20…+22,
Нарында түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус болот.