Connect with us

Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 333 | 0

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында, «Эко Деми» коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өтүп жаткан ишембиликке төртүнчү ирет катышып, катышуучулардын саны боюнча биринчи орунду алып келүүдө.

Башкача айтканда, Кыргызстанда жалпы калкынын 10 пайызы ал иш-чарага катышууда. Өткөн жылы 640 миң ыктыярчы ишембиликке катышкан. Ыктыярчылардын эң улуусу 88 жаштагы карыя, эң кичүүсү 3 жаштагы кыз болду.

Эртең, 24-августта Ысык-Көлдө эл аралык экомарафон өтө тургандыгын белгилеп, жалпы ишембиликке демөөрчүлөрдү катышууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM