Биз менен байланышыңыз

Орусияда Екатеринбург шаарынын экс-мэри бийликти сындаганы үчүн кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 468 | 0

Орусиянын Екатеринбург шаарынын Евгений Ройзман экс-мэри бийликти сындаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу саясатчынын жардамчысы Лейла Хусейнова жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Екатеринбург шаарындагы таанымал саясатчыга карата Орусиянын армиясы тууралуу «фейк маалыматты» массалык таркатуу беренеси боюнча иш козголгон. Анын жашаган жери жана жеке кыймылсыз мүлктөрү тинтүүгө алынган. Бул маалыматты Ройзман фонду да тастыктаган.

Евгений Ройзман буга чейин да Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттерин сындап келген. Ал «Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аброюн түшүрүү» боюнча 3 жолу админстративдик жазага тартылган. Эми оппозициячыл саясатчы 5 жылга абакка кесилиши мүмкүн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM