Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 24-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29 градус болот.