Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын президенти Мирзиёев кыргыз элине көңүл айтты

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 239 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Орусиядагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов маалымдады.

«Мамлекет башчысы боордош Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн жеткирип коюуну жана жараат алгандардын тез сакайып кетишин калаады», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда. Алардын абалдары оор деп бааланууда. Маркумдардын сөөгү бүгүн, 23-август кечки саат 18:00 чамасында Кыргызстанга алып келинет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM