Биз менен байланышыңыз

Ошто Тажикстандан мыйзамсыз жүзүм ташыган жарандар кармалды

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 440 | 0

 Ош шаарындагы «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери тарабынан Г.П.И. аттуу жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz маркасындагы унаа токтотулуп, текшерүү жүргүзүлгөн.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 2 тонна 200 кг, 132 миң 500 сомду түзгөн жүзүм табылган. Документтерди текшерүү учурунда аталган жарандын Тажикстандан мыйзамсыз түрдө товар алып келүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Ушундай эле факты М.М.Ж. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда да аныкталган.

Жүк бөлүгүнөн жалпы салмагы 2 тонна 200 кг, баасы 132 миң 500 сомду түзгөн жүзүм, мыйзамсыз ташалып бара жаткан.

Жогорудагы фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM