Биз менен байланышыңыз

Ульяновск: Кырсыкта жабыркаган үч кыргызстандыктын экөө жалпы палатага которулду

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 1580 | 0

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында жабыркаган үч кыргызстандыктын экөө жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Элчиликтин маалыматында, кырсыкта жабыркагандардын экөө жалпы палатага которулуп, бирөө оң динамика менен жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ошондой эле, маалыматта жабыркагандар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз болгону жана маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экени айтылат.

21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда 18 жүргүнчүсү бар спринтер жана эки жүк ташуучу фуранын ортосунда жол кырсыгы катталып, анда жалпы 16 адам каза болгон. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Ал эми кырсыктан жабыркаган 3 кыргызстандык оор абалда ооруканага жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM