Биз менен байланышыңыз

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаручу болду

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 768 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлгөн болчу.

Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги  Жогорку Кеңеш менен макулдашуу үчүн киргизилет.

19-августта президенттин жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.

Гүлнара Баатырова буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо боюнча комиссиясынын төрагасы болгон, ага чейин президент тарабынан сунушталып, БШКнын мүчөсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM