Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти кыргыз элине көңүл айтты

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 280 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Орусиянын Ульяновск облусундагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Ак Ордонун расмий сайтында жарыяланды.

Көңүл айтуу телеграммасында, Токаев 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган Орусиянын Ульяновск облусундагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтып, каргашалуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилейт. Ошондой эле, президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине кайраттуулук тилеген.

21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда. Алардын абалдары оор деп бааланууда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM