Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 742 | 0

Бүгүн, 23-август Кыргызстанда аза күтүү күнү. Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон мекендештер боюнча жарлыгын кечээ, 22-августта жарыялады.

Белгилей кетсек, Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мүрт кеткен мекендештерди сөөгү атайын борт менен бүгүн Ош аба майданына алынып келинет.

Каргашалуу окуяда 14 кыргызстандык каза болуп, дагы үчөөсү оор жаракат алган. Алардын тизмеси кечээ, 22-августта Тышкы иштер министрлиги тарабынан расмий жарыяланды.

Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта.

Каза болгондор:
Ош облусу:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2 Бекмурзаева Диана Акылбековна — 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 22.07.1999, Араван райыону, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусу:

1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
2 Мусабаева Элнура Турганбаевна — 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина — 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет — 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз — 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.

Баткен облусу:

1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы — 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек — 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Осмонова Айтгул Момуновна — 10.05.1959, Баткен шаары.
5. Арыстанбек уулу Нуртилек — 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.

Ооруканада жаткандар:

1. Алибаева Айгүл — 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык — 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек — 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.

Copyright © 2017 Maral FM