Биз менен байланышыңыз

Түркияда президенттик шайлоонун күнү белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 1920 | 0

Түркияда кезектеги президенттик шайлоонун датасы 2023-жылдын 18-июнуна белгиленди. Бул тууралуу Түркиянын Юстиция министри Бекир Боздаг CNN Turk телеканалынын эфиринде маалымдады.

«Шайлоонун датасын оппозиция белгилей албайт. Эреже боюнча шайлоо 2023-жылы 18-июнда болот», — деп билдирген министр.

Министр Боздагдын айтымында, бул учурдагы президент Режеп Таййип Эрдоган талапкер боло турган экинчи шайлоо. Буга чейин бийликтеги партия талапкер катары экинчи мөөнөткө Эрдоганды кайра көрсөтө турганын жарыялаган.

Түркиянын баш мыйзамынын 101-беренесине ылайык, 40 жашка толгон, жогорку билимдүү, парламент депутаттыгына шайлануу укугуна ээ түрк жараны өзүн талапкер катары көрсөтүүгө укуктуу.

Белгилей кетсек, Түркиядагы оппозиция буга чейин бийлик убакыттан утуу үчүн президенттик шайлоонун датасын жылдырганга аракет кылууда деген сындарды айткан. Түркияда президент 7 жылга шайланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM